ЛДПР лидери Владимир Жириновский  өзүнүн Твиттер баракчасына В. Лениндин мумиясын сатып жиберүү тууралуу жазып калтырган.

Саясатчынын оюу боюнча мындай «бүтүмдүн» натыйжасында бюджетке өтө чоң өлчөмдөгү сумма келип түшөт. Ошентип, Жириновкий: — «Францияда кайсы бир бизнесмен «Джоконда» картинасын сатып жатат. Биз Лениндин мумиясын сатып жиберүүбүз керек. Сатып алуучулар табылат. Айталы, ошол эле Кытай, Вьетнам же кайсы бир коммунист сатып алам деп чыгарына ишенип койгула. Ал эми Ленин жакшы сакталган, мумия катары бальзамдалганына болгону 96 жылдын жүзү болду» — дейт.

Эске сала кетсек, Лениндин денеси ал каза болгондон кийин бальзамдалып, Москва шаарынын Кызыл аянтындагы мавзолейге жайгаштырылган.