ФРГ ИИМ башчысы Хайко Маас: «АКШ жетекчилиги тарабынан кабыл алынган Ачык асман боюнча чечим көпчүлүктү канааттандырбасын, ошол себептен улам Германия башка өлкөлөр  менен биргеликте аны өзгөртүү сунушу менен Дональд Трампка кайрыла тургандыгын» билдирди.

Эске сала кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү: «Россия өз милдеттерин толук аткармайынча Вашингтон Ачык асман боюнча келишимге кол койбой тургандыгын» жар салган. Ошол эле учурда ал бул макулдашууга кайрадан кайтпай тургандыгын, ал үчүн жаңы келишимдердин түзүлүүсү керектигин кошумчалаган. АКШ тарабынан коюлган: «Келишимди бузду» — деген кинени Россия бир беткей четке кагып келет.

«Жер шаарынын  бүтүндөй түндүк аймагындагы» куралданууну контролдоо архитектурасынын түзүүчү бөлүгү деп атоо менен Хайко Маас АКШнын бул чечимине өтө өкүнүп жаткандыгын кошумчалаган.