Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында жапайы жаныбарлардын этин сатуу жана колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу «Fr24news» басылмасы маалымдады.

Ошондой эле шаар бийлиги жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга толугу менен тыюу салынганын жарыялады. Эми бака сыяктуу сууда жашаган жапайы жаныбарларды багууга болбойт. Бул токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет жана 5 жылга чейин күчүндө калат.

Ухань Кытайда жапайы жаныбарлардын этин сатууга жана аны тамак катары колдонуу тыюу салынган төртүнчү шаар болду.

Булак: Баракелде