Коом
Кыргызстанда 1 айда 1067 түгөй үйлөнүп, 283 түгөй ажырашкан
Кыргызстанда 17-апрелден 21-майга чейин 1067 түгөй үйлөндү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле аталган убакыт аралыгында жалпы 283 түгөй ажырашкан. Каттоо өзгөчө абал режими киргизилбеген каттоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлдү.
Ал эми 2019-жылы ушул убакыт аралыгында 3200 түгөй баш кошсо, 899 түгөй ажырашкан болчу.
23-мартта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өлкөнүн айрым шаарларында жана аймактарында 25-марттан 10-майга чейин өзгөчө абал режими киргизилген.