Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы үчтүккө чыккан Бразилияда сутка ичинде 1 миң 200 бейтап каза болду.

Бул тууралуу, АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 20 миң 47ге өстү. Буга чейинки билдирүүдө, Бразилияда сутка ичинде 1 миң 188 жаран инфекциядан көз жумуп, бул сан эң жогорку чекти көрсөттү деп маалымдалган. Учурда өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 310 миң 87ге жетип, анын 125 миң 960 жаран илдеттен айыгып чыккан.