Дональд Трамптын айтуусу боюнча коронавирустун курмандыктарын эскерүү үчүнжума күнү АКШда бардык желектер төмөн түшүрүлөт.

«Мен коронавирустан улам биз менен кош айтышкан америкалыктарды эскерүү үчүн бардык федералдык имараттардагы жана улуттук монументтердеги желектерди төмөн түшүрөм», — деп жазып калтырган ал өз Twitter баракчасына.

Мындан сырткары, дүйшөмбү күнү Согушта курман болгон күндөрдү эскерүү күнүнө карата дагы желектер төмөн түшүрүлөөрүн кошумчалаган.

Акыркы маалыматтар боюнча АКШда коронавирустун кесепетинен улам 94 миңден ашык адам каза болгон.