Дээрлик үч айга созулган карантинден кийин ачылган, калкты тейлөө борборлору, биринчи жумушчу күнү 9 миңден ашуун жарандарга кызмат көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Мамлекеттик катоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, келгендердин көпчүлүгү (75%) чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызматына кайрылгандар. Жарандардын 1000-2000 ге жакынын борбор калаадагы номур экинчи ( Ч. Валиханов көч) жана номер үчүнчү ( Жаш Гвардия бульвары) калкты тейлөө борборлорунда байкалган. Мындай жагдай өлкөнүн Ош жана Жалал-Абад облустарында да байкалган.

Мекеменин билдиришинче, Мамлекеттик тейлөө борборлорунун бардык кызматкерлери маскалар, кол каптар жана антисептиктер менен камсыз болушкан. Операторлор менен жарандардын ортосундагы аралыкты сактоо үчүн атайын тосмолор орнотулган. Имараттардын ичине санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.