Адамдар арасында аралык сакталбай жатат. Бир эле адам бир канча адамга вирус жуктурууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда КРнын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Эмне себептен акыркы убакта көбөйүп кетти? Биринчиден байланышта болгондор көбөйдү, керектүү аралыкты сактаганга көңүл бөлбөй жатабыз. Нарын облусунда кызмат адамы Ак-Талаага барып ал жакта байланышта болуп, жергиликтүү тургундарга жайылган. 74 жаштагы адам балдарга, мектеп окуучуларына жугузуп койгон. Кайдыгерлик кылып, илдетке жоопкерчиликсиз карап жаткандан көбөйүп жатат”, — деди Үсөнбаев.