Депутат Искак Масалиев мандатын тапшырды. Түшүндүрмөсү, «Мен жана башка кесиптештерим болуп демилгелеген шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр коллегаларым тарабынан өз учурунда карашкан жок, менин кадамым саясий протест жана чечимим ушундай болду» деди. Бул жагы туура кадам болду. Ал эми азыр анын ордуна келе турган Нургазы Айдаров жана Масалиев боюнча тарыхтан кыстырма. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында Исхак Масалиев андагы президент Алмазбек Атамбаевге кирип, парламенттик шайлоого катышуу оюн айтат.

Ачык айталы Исхак Масалиев Алмазбек Атамбаев менен тең ата сүйлөшкөн, оюндагысын ачык айткан, ошол эле учурда аны ынандыра алган фигура болгон. Атамбаев да Масалиевди чын ниетинен сыйлап, бир учурдагы мамилесин эстеп, шайлоого катышуу демилгесин колдойт. Ага чейин Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен шайлоого катышам деп чамынып жүргөн. Тилекке каршы, чама-чаркы чектелүү эле. Исхак Масалиев менен Бакыт Төрөбаевдин жеке сүйлөшүүлөрүнөн кийин Исхак Апсаматович «Өнүгүүдөн» катышмай болуп, Атамбаевге чечимин айтат. Атамбаев «Өнүгүүнү» Бакиевдер каржылап жатканын, ал партия парламентке келбеш керегин айтып так секирет. Масалиев акыры Атамбаевди макулдатып, «Өнүгүүгө» жашыл жарык жандырып берет. Тизме түзүлөт. Масалиевдин шайлоого катышууга каражаты жок болуп чыгат. Орус коммунисти Генадий Зюгановдон каражат сурап кайрылса ал болгону аялы экөөнө Кытайга эс алууга жолдомо берип тим болот. Акыры жүрүп отуруп, кадимки Үсөн Сыдыковдун карачечекей күйөө баласы Нургазы Айдаров менен сүйлөшүп, Масалиевден кийинки орунга Айдаров туруп, бирок ал каржыламак болот. Партиялык взносту Төрөбаевге төлөп, андан тышкары Нургазы Айдаров Кадамжай районун жана Аламедин районунун бир айылын каржылап, Масалиевге көмөктөшмөк болот.

Ал ортодо Бакыт Төрөбаев жана аталган эки кандидаттын ортосундагы келишим боюнча Масалиев алты ай депутат болуп отуруп, аткаруу бийлигине кетип, анын ордуна Айдаров депутат болуп калат деген бүтүмгө келишет. Шайлоо бүтөт. Айдаров баш аягы 300 мин доллар коротот. Искак Масалиевди кетирип, ордуна мени алып кел деп Бакыт Төрөбаевди Айдаров коколой баштайт. Төрөбаев Айдаровдон качып, айрым учурда жумушка да чыкпай коет. Масалиевди кет десе ал кетпейт. Анткени, Масалиев «Өнүгүүнү» парламентке алып келүүгө чоң жардам кылган. Эгерде ал болбогондо Атамбаев шылтоо таап «Өнүгүүнү» чаап салмак. Ортодо интрига күчөйт. Исхак Масалиев Атамбаевге кирип жагдайды айтат. Атамбаев «Айдаровго караганда элге сенин пайдан тиет, иштей бер, кетпе эч жака» дейт. Ошону менен интригага чекит коюлат. Төрөбаев менен Масалиевдин жеке мамилеси бузулат. Исхак Апсаматович «Өнүгүүнүн» фракция жыйындарына катышпай, аларды тоотпой, өз алдынча саясатын жүргүзө баштайт. Төрөбаевди ордуна коет. Масалиев «салага, өз ордуңду бил, керек болсо парламентке сени мен алып келгем» деген мамилеге өтөт. Ал ортодо Нургазы Айдаровду Масалиевге каршы кое баштайт. Айдаров менен Масалиевдин эскиден мамилеси жакшы болгондуктан ал экөө маселелерин ич ара чечишип алып, Төрөбаевди четке чыгарып коюшат. Жомоктун башы мына ушинтип башталган. Бирок, акыйкатты алганда «Өнүгүү Прогресс» партиясынан жалгыз көзгө басар депутат болуп иштеген, билими, жупунулугу дал келген депутат Искак Масалиев эле. Искак Апсаматовичке кийинки иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

«Кadam-media.kg»