Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери тарабынан ири көлөмдө героин баңгизатын сатуу жолун аныктоого жана ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсү кармалды.

Андан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 047 граммды түзгөн героин алынган. Кармалган жаран УКЖга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.