Бүгүнкү күндө республика боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволук бөлүмдөрү – 20 ири калкты тейлөө борбору, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү кадимки тартипте белгиленген график боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда МККнын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, Республика боюнча Калкты тейлөө борборлорунун биринчи жумуш күнүндө 9 минге жакын жарандар кабыл алынды.

«Саат 14:00гө келген жарандардын санын кескин кыскартууга жетиштик. Кызматкерлер түшкү тамактанууга танапис жок иштешти. Кайрылган жарандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында байкалды электрондук кезек статистикасына ылайык, ар бир ири КТБ 1000-2000гө жакын адамды кабыл алды. Кайрылган жарандардын 75% чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызмат алуу боюнча болду», — деп белгиледи Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.Мамбеталиев.