КоомСаясат

Атамбаевди жана анын тарапташтарын элдин тагдыры кызыктарбайбы?

Ааламды каптаган коронавирус илдетинен аман калуунун үстүндө жалпы адамзат күрөшүп жатат. Миллиондогон эл карантинде отурат. Учурда вирус жуктургандар 4 миллиондон ашты. Адам өлүмү да күн сайын көбөйүп жатат. Кыргызстан деле бул жер алгыдан куру эмес. Эки айдан бери карантиндебиз. Элибиз сабырдуу, топуктуу экен.

Баарын туура түшүнүп, өздөрүнө өздөрү жардам берип, карантиндин режимин сактап жатышты. Бирок, кандай учур болсо да сасыткысы, ириткиси болот эмеспи. Пандемия менен күрөшкөн бул күндөрү мурдагы президент, бир нече оор кылмыштарга шектелген Атамбаевдин тарапташтарында уйку жок. Күндө бир жаңылыкты айтып, элдин көңүлүн бурбаса баштары ооруйт. Издегендери жалаң негатив жана жамандык.

Уулдары Сеид менен Кадыр саясатка аттанды дешти. Аттансын. Алардын да укугу бар. Бирок, экс-президент атасы 2010-жылы бийликке кантип келип, кандай жол менен мультимиллионерге айланып, канча баланын ажалына себепчи болуп, ал аз келгенсип 6 жылдагы өзү «өстүргөн» «таза» кадрларын өзү менен кошо темир торго тыкты. Мамлекетти карызга белчесинен батырды. Бишкек ЖЭБ, Датка-Кемин энергетикалык долбоору, Ош-Бишкек альтернативалуу жолу, Ош окуясы, Балыкчы-Корумду жолу, 9000 сомдук көчөттөр, тарых музейиндеги 2000 евролук жыгач аттар … дагы көптөгөн жемкорлукка айыпталган ири долбоорлордун баары Атамбаев президент болуп турганда ишке ашканын эл кантип унутат.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай уурулук, жемкорлук боло элек го. Нысапсызга кашык салсаң беш уурттайт дейт элибиз. Бүгүн АШАнын командасынын баары ушул долбоорлордогу жемкорлукка айыпталып, түрмөдө отурушат. Ушунча оор кылмыштарга айыпталып жаткан АШанын балдары жана тарапташтарында намыс, ариет, моралдык жоопкерчилик жок экени өкүндүрөт. “Атың чыкпаса жер өрттө” болуп, Атамбаевдин соту жакындаган сайын улам ооруган түр көрсөтүп, сот ишин жылдырып келет. Бул арада тынып тынчыбаган балдары, алма сабагынан алыс түшпөйт болуп, кайрадан атасынын ыкмасына салып, элди курал кылып колдонууну пландап жатканын ишенимдүү булактар кабарлады.

Айтымында АШАнын балдары Улуу айт майрамы күнү эл чогултуп, митинг өткөрүүнү пландап жаткан имиш. Азыр пандемия жүрүп жатканда жада калса айт намазга чогулбагыла деп жатса да, элдин тагдырын оюн көрүшүп, баш-аламандык уюштурууну көздөп жатышкан экен. Кой-Таштагы хан сарайга эл топтоп ошол жактан митингге чыгат имиш. Атамбаевдин уулдары ошондой элге күйүсө, элдин эсебинен курулган, уурдалган акчага бүткөн хан сарайдын неге обсервацияга бербейт? Электр энергиясын орто жолдон сатып ала коюп, элге 2,17 тыйындан сатып жатат. Элге күйсө жок дегенде электр энергиясын бекер кылып бербейт беле.

Бир кезде АША кыйкырып чыкты эле электр энергиясын токтотпой берем деп. Көрсө уулдарына бизнес түптөп берген экен. Коронавирус илдети жүрүп жатканда, адатта маршрутка түшө калып пиар кылган Раиса айым жок дегенде жетим-жесирге кайрылып караганга жарабады. Эл үйдө ачка отурса эрке кызы Алия кайсы акчасына клип тартты. Кыргыздын тарыхында жок жоруктары менен эрке кызы Алия элдин эриктирбейт. А Булардын жоруктарын санай берсең кагаз түтпөчүдөй. Биз коомчулук, ашынган АШАчыларга коомду дүрбөтүүгө жол бербөөгө тийишпиз!

Эрмек Жакыпов

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button