Бүгүн 21-майда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында Памирлик кыргыздарга деген үйлөрдүн курулушун баштоо иш чарасына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Ага республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүндү, 1.2 ГА аянтка 7 үй курулат. Аталган үйлөргө Нарын облусундагы Памирлик кыргыздар көчүрүлүп келинет.

Андан соң облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев Памирлик кыргыздардан кабар алып, азык-түлүктөрдүн баштыктарын таратты. Боордоштор мамлекет башчысы менен өкмөткө ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, 2019- жылы Ооган аймагынан 11 үй бүлө көчүрүлүп келинген. Учурда алар Сары- Могол айыл аймагында мектептин имаратына жайгаштырылган. Тийиштүү тирилик техникасы, шарттар менен камсыз болгон. Өкмөт тарабынан дагы Памирден боордошторду көчүрүп келүү жана турак-жай менен камсыздоо планы коюлган.