Пенсия үзгүлтүккө учурабайт убагында берилет

Өлкөдө пенсия өз убагында берилет, үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев бүгүн, 22-майда брифинг учурунда билдирди

“Бүгүнкү күндө 170 миллион сом көлөмүндөгү пенсия Кыргызстандагы 61 000 пенсионерге таратылды. Калган 18 пайызына 28-майга чейин төлөп берилет. Каржы министрлиги акча бөлгөн. Азыр пенсионерлер буга тынчсызданбашы керек”, — деди Мамбеталиев.