ӨА жана ӨК режиминде Мамлекеттик каттоо кызматы документтештирүү боюнча кабыл алган чаралары тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев бүгүн, 22-майда брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, карантин маалында мөөнөтү өтүп кеткен документтерге айып салынбайт.

-ӨА жана ӨК режиминде баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда дагы айып салынбайт. Мындан улам баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү өзгөчө абал алынгандан кийин эч кандай айып төлөбөстөн жана чектөөлөрсүз алуу мүмкүнчүлүгү жаралды;

-Мектеп бүтүрүүчүлөрүн ЖРТга катышуу үчүн паспорт менен убагында документтештирүү максатында, ӨА учурунда 3705 окуучу документтерин тапшырды. Аталган иш Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жүргүзүлдү, бул үчүн мобилдик КТБ мектептерге жана айыл өкмөттөргө документтерди тариздөө үчүн чыгышкан;

-МККнын “119” колл-борборунун 10 кызматкери 21-майда жарандардын 2000 кайрылуусун иштеп чыкты.

-Кызматтын бардык бөлүмчөлөрүндө туруктуу негизде имараттар жана жакынкы тилкелер дезинфекцияланат. Кызматкерлер беткаптар жана антисептиктер менен камсыздалган. Коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери тартылган, ошондой эле муниципалитет жана райондук администрациялар ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.