Коом

Бишкектеги күйүүчү май сактаган жайдан чыккан өрттүн чоо-жайы (фото)

Бүгүн, 22-майда Бишкектеги Садырбаев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу ангардан чыккан өрт саат 11:24тө чектөөгө алынган. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Өрттүн кесепетинен ангар, 2 кабаттуу турак-жайдын чатыры күйгөн, болжол менен 640 м2 түзөт. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттеринин натыйжасында, өрт жакын жайгашкан кафе, башка турак жайларга өткөн жок.

Жабыр тарткандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.


Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button