Баткенде чек арадагы окуяда жарадар болгон кыргызстандык жоокер Султанбек уулу Мирбекти дарылоо ыкмасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн 22-майда Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Мекеменин билдиришинче 19-майда академик Миталип Мамытовдин катышуусу менен Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери онлайн консилиум өткөргөндөн кийин дарылоо ыкмасын өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Учурда жоокердин абалын догдурлар туруктуу деп баалап жатышат. Эске салсак, Мамлекеттик Чек ара кызматынын 8-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жарадар болгон үч жоокери — Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан ооруканадан чыгарылган. Ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбекке алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисинен операция жасалган.