Редакциябызга келген каттардын айрымдарын окуп жүрөгүбүз ооруса, кээ бирин окуп ал кат менен кошо кубанып, сүйүнүп дагы калабыз. Бүгүнкү бул кат зомбулуктан чапа чеккен аялдын армандуу тагдыры баяндалат. Бул жаран өз атын аткагысы келбегендиктен күйөсүнүн кордугун ачык жазып жиберген.

-Ушуну сага айтууга миң жолу аракет кылдым дейсиң. Бирок, балдарыма келгенде эле унчуга албай калам. Өзүм кышы каттуу Атбашынын кызымын. Апам кичинебизде эле каза болуп калган. Эптеп өгөй апанын кордугуна чыдап жүрүп окууну бүттүм да баса бердим. Шаар мени кучагын жайып тосуп алган жок. Ары бери урунуп жүргөн кезде сени көрдүм. Мурда ажырашып кетиптирсиң, ага деле кайыл болуп, жылуу сөздөрүңө азгырылып турмушка чыгып алдым. Көрүп ал анан. Ушундан көрү көчөдө жүрө бергеним пайдалуу беле дейм да. Жалгыз пайдам уул кыздуу болдум.

Бирок сенин күн сайын кордоп, уруп, жүрөгүмдү уу сөздөрүң менен уулаганыңды кечире албай жүрөм. Мен сенден мээрим күтүп келсем кылганың ушул болдубу? Анда санда барып арманымды айтчу атам да аз өтпөй дүйнө салды. Эч кимиси жоктой болуп жалгыз бардым. Аялдар эмне күбүр шыбыр кылышты экен? Уккум да келген жок. Тоом кулап атса, кайдан угам.

Апаң дайыма артымдан эки төшөк келбегенин сөз кылат. Мага ким төшөк алып келет? Эжемби, жөжүрөгөн балдары оокатын эптей албай жүрсө. Өгөй апамбы? Атамдан кутулуунун амалын издеп жүрсө. Дагы ким? Азыр тууган тууганды карайбы, айтсаң. Апаң го эзелтен келе жаткан кайненелик каары бар экен, күйөөм сенден жакшы сөз угаар күнүм барбы?

Сен урганда эки үч күн ордумдан тура албай калам. Андайда эптеп жамбаштап жылып, жумуш жасайм. Ушул сага кантип жагат айтчы? Суранам Марат, денем эле эмес, жүрөгүм кошулуп ооруп атат, урбачы мени!

Булак: kadam-media.kg