2020- жылы алты Кыргызстандык Гарвард университетине тапшырган. Бул тууралуу «Лимон» басылмасы жазып чыкты. Бир жылда алты кыргызстандык аталган университетке тапшыруусу бул рекорддук көрсөткүч деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой Гарвард университетин дүйнөгө таанымал инсандар: АКШнын сегиз президенти, анын ичинде Жон Кеннеди, Джордж В. Буш, Барак Обама жана жүздөн ашык Нобель сыйлыгынын лауреаттары окушкан.

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана планетанын эң бай адамы Билл Гейтстин да университет менен болгон байланышы айтылган. Бул окуу жайында жыл сайын бир орунга 15ке жакын адам ат салышат. Биздин мекендештерибиздин ушундай абройлуу ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү болуп, билимин өсүп келе жаткан муунга өткөрүп бергендиги бизди абдан кубандырат- деп айтылат маалыматта.