Коом
Өзбекстанда аба ырайы кескин жогорулайт
Өзбекстандын аймактарында ушул аптанын аягында ысык болуп, абанын температурасы +40 градуска жетиши күтүлөт.
Синоптиктер Иран тараптан кургак жана жылуу аба массалары Өзбекстандын түндүк жана түштүк облустарына келээрин айтышууда. Дем алыш күндөрү, республиканын аймактарында абанын температурасы күндүз + 35 … + 37 чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Түндүк, түштүк жана чөлдүү аймактарда абанын температурасы + 38 … + 40 градуска чейин жетет.
Маалым болгондой окумуштуулар 2020- жыл нормадан жогору ыссык болуп жана планетада кургакчылык каптап, гигатонна айсбергдер эрип кетүү коркунучун эс кертишүүдө.