КР Билим берүү жана илим министрлиги үстүбүздөгү жылы, мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр аттестаттарын качан, кайдан жана кантип алаары тууралуу билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аттестат, күбөлүктөр 18-20-июнда берилет. Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе, аттестаттар бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат. ⠀

«Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алып кетишет. 20-июнга чейин аттестат, күбөлүктөр бардык бүтүрүүчүлөрдүн колунда болуп калуусу шарт», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак , бул жылы Кыргызстанда 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичнен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. Ал эми 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны 104 миңге жакын.