Өлкөдөгү бардык медициналык мекемелер COVID-19 дартынын алдын алуу талаптарына толугу менен жооп берүүсү кажет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Тилекке каршы, медициналык мекемелерде ооруну жугузуп алуу учурлары катталып жатат. Бул фактылар кооптондурууда. Медициналык мекемелер коопсуздук талаптарына жооп бериши кажет, бизде мамлекеттик, же жеке мекемелерде оору катталган учурлар орун алууда. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери аталган маселеге өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Өнөкөт оорулары бар аяр бейтаптар дарыланууда жаткан балдар жана башка бөлүмдөр, төрөт үйлөрү тийиштүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек. Эпидемиологиялык иликтөөлөр борбору инфекция жуктуруп алуу учурларын сапаттуу иликтеп чыгуусу маанилүү», — деди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев белгилегендей, Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндөгү абал өзгөчө көзөмөлдө турат.

Штаб жыйынынын жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымдагандай, бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн 154 мекендешибиз коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Россия Федерациясында – 105 адам COVID-19 дартына чалдыккан, Бириккен Араб Эмиратында – 7 адам болсо (5 дарыланып чыккан), Пакистанда – 22 (бардыгы ооруканадан чыккан), Индияда – 7 (1 киши каза болгон, 6 ооруканадан чыгарылган), Испанияда – 1 (ооруканадан чыккан), Малайзияда – 3 (ооруканадан чыккан), Америка Кошмо Штатында – 1 (айыгып чыккан), Өзбекстан Республикасында — 1, Грецияда — 1 (ооруканадан чыккан), Казакстан Республикасында – 5 (4 — Бишкекте, 1 –Алматыда дарыланууда), Италияда 1 адам бар.

Жыйындын күн тартибиндеги дагы бир маселе оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүү алгоритмин жаңылоо маселеси болду.  Акыркы убакта алыстан жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан коронавирус инфекциясы көп аныкталууда. Ошол эле учурда айрым жарандар үй карантини эрежелерин, өз алдынча обочолонуу шартын сактабаган учурлар катталып жатат. Буга байланыштуу тез бузулбаган товарларды ташыган айдоочулар жолдон кандайдыр бир байланыштын болушун чектөө максатында ПЧР-анализдин жыйынтыгын күтүү үчүн атайын унаа токтотуучу жайларга жөнөтүлөт.