Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине кол койду.

Документ ички иштер органдарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрү түзүү, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорду уланта турган Кыргыз Республикасынын административдик бирдиктеринин тизмесин кеңейтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, коомдук тартип жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Бишкек шаарынын аймагында ишке ашырылган пилоттук долбоор коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө жакшы натыйжа көрсөттү. 

Документке ылайык, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүкчөлөрүнүн жана ЖКККББ бөлүкчөлөрүнүн/аймактык ички иштер органдарынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүнүн учурдагы бардык ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги республиканын административдик аймагында түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүкчөсү болуп саналган милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүнө өткөрүп берилет.

Түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүндө бир катар өзгөрүүлөр, анын ичинде кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүнүн экипаж курамында кызмат өтөө тартибинде өзгөртүүлөр каралууда. Түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрү коомдук тартипти, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоордун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, кемчилдиктерди жоюу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябры № 587 «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгы жөнүндө Жобого да транспорт каражаттарын башкарган адамдардын мас абалын аныктоо максатында медициналык күбөлөндүрүү үчүн жөнөтүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын башкарган адамдардын алкоголдук мас абалын атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жаатында өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында ЖКККББнын бир катар түзүмдөрүндө жана аймактык ички иштер органдарынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрү бөлүнүп, аймактык ички иштер органдарынын түзүмдөрүндө «Милициянын кайгуул кызматы» деп аталган жаңы бөлүкчөлөр баскыч-баскычы менен түзүлөт.