Кыргыздын: “Калк башына күн түшсө, карап турган жигитпи?” – деген таамай айтылган кеби бар. Элге түйшүк жараткан таажы ылаңы бир катар көкүрөк керген эрлерибизди сыноодон өткөрдү. Колунда барлардын ким экенин калк башына келген чоң түйшүктөн ажыратып, талдап алдык көрүнөт. Тапкан-ташыганын кабаттап жыйган сасык байлардан айырмаланган колу ачык, барбалаңдаган жигиттердин сап башында меценат Каныбек Туманбаев турганын сыймыктануу менен айтсак жарашат.

Адал эмгек, бешене тер менен тапкан олжосун биздин каарман карантин учурунда болушунча элге чачып, жүз миңдеген элдин алкышына арзыды. 10 миллиондогон каражатын калктын аялуу катмарына кабагым-кашым дебей кайрымдуулукка жумшаган Какебизди кантип алкабай кое алабыз? “Эр жигит туулган жерге из калтырыш керек” – деген кепти көкүрөгүнө кыттай уюткан Каныбек Туманбаевдин кичи мекени Аксыга берген жардамына аксакалдар чурулдап бата бергени кимдин болбосун жан-дүйнөсүн бир “дүрт эттирери” анык. Биз азырынча каарманыбыздын элге кылган жардамынын баарысын тизмектөөдөн айбыктык.

Табиятынан бергенин милдет кылып, пиар кылууну анчейин жактырбаган меценат бул кылганыбызды жактырчудан эмес. Биз болгону кеп кезеги келгенде учкай болсо да Какебиздин калк үчүн кылган кайрымдуу иштерин азын-оолак тизмектеп койдук. Алдыңкы сандарыбызда Туманбаев менен болгон кеңири маегибизди жарыяламакчыбыз.

Булак: Де-Факто