Жер шаарында жашап жаткан калктын дээрлик жарымы сүрөттөн гана болбосо, кар кандай болорун чыныгы турмушта көрүшкөн эмес.

Эйфлель мунарасын ар бир 7 жыл сайын сырдап турушат.

Балдар жакшы окуп, билим алуусу үчүн Кытайда окуучуларга 20 мүнөт уктап алууга уруксат берилет.

Япониянын Осака шаарында автожол кеңсе иматарынын ичин аралап өтөт.

Дүйнө жүзүндө беш адамдын экөө биринчи сүйүүсүнө баш кошот.

Адам бир нерсени 21 күн боюу кайталай турган болсо адатка айланаары илимий жактан далилденген.

Кышында жааган кар жылгаякка айланып үстүнөн баскан адамдарга ыңгайсыздык жаратпоосу үчүн Исландиянын борбору Рейкъявикеде тротуар жолдорго жылуу полдор сыяктуу жабдуулар төшөлөт.

Ширли Хендерсен 40 жашында «Гарри Поттердеги» 13 жашар ыйлаак кыздын ролун ойногон.

Коала жаныбары суткасына 18 сааттан 22 саатка чейин уктайт.

Плутон планетасы көлөмү боюнча Россиядан кичинелик кылат.

Тыйын чычкандар мышыктар сыяктуу эле мырылдай алышат.

Кубик-рубик оюнчугу дүйнө жүзүндөгү эң көп сатылуучу товар болуп эсептелет.

1 айдан 3 айга чейинки ымыркайлар ыйлаганда көздөрүнөн жаш чыкпайт.

Асмандагы жылдыздар саны жердеги кумдардын санынан көптүк кылат.

Колибри – артты көздөй учуу жөндөмүнө ээ жападан жалгыз куш болуп саналат.

Жон Рокфеллер бала кезинде 100 миң доллар иштеп таап 100 жашка чыгууну кыялданчу. Натыйжада, 192 млн. доллар иштеп таап, 97 жашында  каза болгон.

Россия менен АКШны болгону 4 км аралык бөлүп турат.

Орточо эсеп менен алганда балдар күнүнө 400 жолу, бойго жеткендер 15 жолу күлүшөт.

Телефонду ойлоп тапкан Александр Грейам бир дагы жолу энеси менен аялына телефон чалган эмес. Себеби экөө тең дүлөй болгон.

Ливермор шаарында 110 жылдан ашык мезгил боюу күйүп турган лампочка бар.