Ыр досумдай, ыйбаа нуру төгүлөт,
Ырыс бирдей экөөбүзгө бөлүнөт.
Доордон доор айтат деп ыр атымды,
Достон дагы кээде артык көрүнөт.

Маанайым пас кезде көңүл алат да,
Маңдайыма жылдыз болуп жанат да,
Жалгыздыкты караан кылган күнүмдө,
Жанга жагым андан мээрим тамат да,

Жомоктордун дүйнөсүнө азгырат,
Жүзүм суусун ичкен өңдүү мас кылат.
Канда айланып ызгаарында үшүтпөй,
Канда айланып кыштын күнүн жаз кылат.

Көңүлүмдүн көрөңгөсүн таба алды,
Күндөй күлүп келе калат таң алды.
Ырайы ысык ыраа этет саптарын,
Ыр жазам деп олтурганда шам алды.

Ыр досумдай, ыйбаа нуру төгүлөт,
Ырыс бирдей экөөбүзгө бөлүнөт.
Доордон доор айтат деп ыр атымды,
Достон дагы кээде артык көрүнөт.

Автор: *Бакытбек Мукарамов (Илегилек),*
Кыргыз Республикасы,
«Поэзия Ордосу» көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
*Лейлек. 22.05.2020-жыл.*