Мандатынан баш тарткан Жогорку Кеңештин эк-депутаты Исхак Масалиев аны  “популист” деп атаган ырчы Бек Борбиев менен талашып-тартышуу ою жок. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

«Эгер менде Бектикиндей талант бар болгондо, мен саясатка аралашпай, ырларымды ырдап, элге кубаныч тартуулап эле жүрө бермекмин» деди ал.

Масалиев учурдагы парламенттин чакырылышынын мөөнөтү ноябрь айында, тактап айтканда, жаңы курам түзүлгөндө гана аяктай тургандыгына көңүл бурдурду. Башкача айтканда, мөөнөт 2 айдан кийин эмес, 5 жарым айдан кийин аяктайт,- деп белгиледи депутат.

— Эгерде ал математика менен саясатта деле күчтүү болбосо… Мен анын аткаруучулук талантын баалайм. Болгону ушул, — деди эл өкүлү.

Эске салсак, кечээ, 21-майда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан келген экс-депутат Исхак Масалиев парламенттик отурумда 2020-жылдын 25-майында депутаттык мандатын тапшырып бере тургандыгын жарыялаган.

“Мамлекетте пайда болгон көйгөйлөрдө менин да жоопкерчилигим бар. Мен кандайдыр бир көйгөйдү чечүүдө сиздерди (депутаттарды), өкмөттү ынандыра албадым. Ошондон келип чыгып, 25-майдан тарта өзүмдүн ыйгарым укугумду токтотуу чечимин кабыл алдым”, — деп айткан ал.

Ага улай ырчы депутат Бек Борбиев өзүнүн социалдык баракчасына Исхак Масалиевдин мындай кадамын азыркы чакырылыштын мөөнөтү эки айдан кийин аяктайт, андыктан «анын кылганы атанын кадырына жарашпаган арзан пиар» деп жазып чыккан.

Булак: NazarNews.org