Кочкор районунун Шамшы айылынын 60 жаштагы тургуну Асанбек Жакыпбаев малдын мүйүздөрүнөн ар кандай кооз сувенирлерди жасоо менен алек. Элеттеги уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Асанбек Жакыпбаев союз ураганга чейин мал доктур болуп иштеген. Союз ыдырагандан тарта айыл чарбасы жана устачылык менен алек болуп калган.

«Кесибим боюнча мал доктур болуп көп жыл иштедим. Союз тарагандан кийин муктаждыктан улам устачылык өнөргө аралашууга туура келди. Бул аралыкта айылдаштарым үчүн бешик жана башка үйгө керектелүүчү буюмдарды жасап, устачылык кыла баштагам. Устачылык ата-бабамдан калган өнөр», — дейт элеттик уста Асанбек Жакыпбаев.

Устага жубайы, баласы да жардам берип, биргеликте иш алып барышат. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эмгектерин алып барып, элдик көркөм өнөрчүлүк боюнча 1-орунду алып келген.

«Мындан 15 жыл мурун Бишкекке соода борборуна барып, жыгачтан, мүйүздөн жасалган жаныбарлардын эстелигин көрүп, мен да жасасам болот экен деп калдым. Ошол мезгилде кол өнөрчүлүк жаңыдан гана жанданып келе жаткан. Сатуучу аялга «мен да жасап келсем аласыздарбы?» десем, ал: «Мындай буюмдарды кыргыз эркектери жасай албайт. Эгер жасасаң алып келип көр» деп койду. Мен жыгачтан барстын башын жасап алып бардым. Ал: «баштан башка дагы эмне жасай аласың, ушул элеби?» сурап туруп алды. Кийинкисинде арстан өгүздү басып жыгылганын жыгачтан оюп жасап алып бардым. Ошондон тартып ал мага буюртма бере баштады. Бул чакан бизнес десем да болот. Устачылык менен үй-бүлөбүздү багып баштадык.

Малдын мүйүзүнөн бардык жаныбарлардын сөлөкөтүн жасап, сатыкка коёбуз. Кыргыз көчүн жасап борборго алып баргам. Акыркы убакта кыргыз көчүнө суроо-талап көбөйүүдө. Керектүү мүйүздөрдү сатып алам же талаадан таап алып колдонобуз», — деп кошумчалады ал.

Булак: Турмуш сайты