Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айыл өкмөтүндө Эл аралык футбол федерациясы тарабынан ден соолукту чыңдоо борбору курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин Ысык-Көл районундагы иш сапары учурунда белгилүү болду.

Спорт комплекс курууга Кара-Ой айылынын түштүк-батыш тарабындагы 17,72 гектар жер ылайыктуу табылган. Ал жер жайыт катары мамлекеттин менчигинде турат. Жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлерине жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу боюнча тийиштүү кагаздар даярдалган.

Ден соолукту чыңдоо борборун курууга каржы маселеси, айыл чарба жаатындагы жоготуулар Эл аралык футбол федерациясы жана Азия футбол конфедерациясы тарабынан камсыздалат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2020-жылдын 11-майында Кара-Ой айыл аймагындагы жайгашкан жерлерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу тууралуу токтому чыккан.

Булак: Турмуш сайты