Чечнянын парламентинин спикери Магомед Даудов президент Рамзан Кадыровдун ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү орус басылмалары жазып чыгышты.

Спикер, коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жетекчиси Магомед Даудов Инстаграм баракчасында түз эфирге чыгып,

«Ар кандай ушактар айтылып жатат. Мен биздин президент Рамзан Кадыров оорубагандыгын маалымдайм жана ал тууралуу айтылып жаткан кептер — баары жалгандыгын билдирем. Эл бул кептерге ишенип, кабатыр болуп жаткандыгын билем. Сиздерди тынчтандырып кетейин, президентте баары жакшы», — деген.

Эске салсак, 21-май күнү орус басылмалары ишенимдүү булактарына таянып, Рамзан Кадыровдун абалы начарлап, Москвага алып келингени жана ал коронавируска шектелип жаткандыгы тууралуу кабарлашкан.