Бразилия коронавирус илдетинин катталуусу боюнча экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетти сайтына жазып чыкты.

Аталган өлкөдө, 330 миң 890 адам илдет жуктурган. Анын арасынан 135 миң 430 адам сакайып кетсе, 21 миң 48 адам каза болгон.

Ал эми 3-орунда турган Орусияда 326 миң 448 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Анын 99 миң 825и сакайып, 3 миң 249у көз жумган. Ал эми, биринчи орунда турган АКШда 1 миллион 600 миң 782 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Андан 350 миң 135 бейтап айыгып, ооруканадан чыкса, 95 миң 972 адам илдеттен каза болду.