Пакистанда 22-майда Карачи шаарына жакын эл жашаган аймакка кулап түшкөн учакта 91 жүргүнчү, экипаждын сегиз мүчөсү болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады.

Учакта 97 адам каза болуп, үч киши аман калганын, калгандары белгисиз экенин, беш турак жай кыйраганын маалымдады. Эске салсак , кечээ «А320» үлгүсүндөгү учак Карачиге Лахордон учуп келаткан жана коноруна саналуу гана секунддар калганда кулаган.

Жергиликтүү тургундар учак жерге кулап түшө электе эле өрт чыга баштаганын айтышууда.