![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/5ea1d2b0d20bd.jpg)
Коом
Дарыгерлер арасында илдетти жуктуруп алгандар катталган жок
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 273 учур катталды, алардын ичинен 226 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.