Бүгүн 23-майда Бишкек шаарына кыргызстандык окуучуларды ыкчам түрдө алып чыгып кетүү үчүн уюштурулган атайын каттам менен 109 окуучу, 37 студент жана АКШ менен Канададан кыргыз жарандары учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен студенттер FLEX, International Student Exchange, NorthWest Student Exchange, Fullbright жана башка программалар боюнча ар кайсы шаарларда окуп жүрүшкөн.

Жалпысынан аталган каттам менен 146 жүргүнчү учуп келди. Алардын арасында улгайган курактагылар жана саламаттыгына байланыштуу Кыргызстанга кайтып келүүгө муктаждыгы болгондор бар.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Кыргызстандын президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш