Республика боюнча социалдык жана экономикалык чөйрөдө иштин түрлөрү жандана баштады. Мындан улам жарандар санитардык эрежелерин так сакташы керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 23-майда онлайн брифингде билдирди.

“Республика боюнча социалдык жана экономикалык чөйрөдө иштин түрлөрү жандана баштады. Ошентсе дагы, вирус жугузуп алуу коркунучу дале бар. Андыктан, бардык жарандардан социалдык аралыкты сактап, беткап тагынып, антисептик менен колдонуп, ден соолугуңуздарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууну өтүнөм”, – деп белгиледи Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

23-майга карата коронавирустан 15 жаңы катталган учурдун, 10у сырттан келгендерден табылса, калганы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан чыкты.« Жүргүзгөн анализдин негизинде, COVID-19 вирусу көпчүлүк учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатат”, — деп белгиледи Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев бүгүнкү брифингде.