Кытайдын түндүк-чыгышында коронавирустук инфекциянын коркунчтуу түрү башталды. Анын кесепетинен 100 миллиондон ашык адам карантинге коюлган, бул инфекциянын радикалдык мутацияга дуушар болушун көрсөтүп турат, деп жазат Bloomberg.

Кытайдын алдыңкы реаниматологдорунун бири Циу Хайбо Bloomberg агенттигине Хэйлунцзян жана Цзилинь провинциясындагы COVID-19 менен ооруган адамдар Ухандагыга салыштырмалуу башкача ооруларга дуушар болгонун айтышты. Бул коронавирустун «белгисиз жол менен өзгөрүп кетүү» жөндөмүн көрсөтүп, аны жок кылуу аракеттерин кыйындатат. Кытайлык дарыгерлердин айтымында, оорунун симптомдорун аныктоого бир-эки жумадан ашык убакыт талап кылынат, бул ооруну алып жүрүүчү адам аныкталмайынча, башка адамдарга жугуу коркунучун жогорулатат.

«Жаңы вирус жуктурганккан бейтаптар эч кандай белгилерди көрсөтпөйт, убакыттын өтүшү менен алар үй-бүлөлөрдө инфекция очокторун түздү» деди Циу Хайбо. Ал белгилегендей, Хэйлунцзян жана Жилини шаарларындагы пациенттерде вирус Ухандагыга салыштырмалуу жуктуруп алуу узак убакытта аныкталат.