2019-жылдын башында Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылынын Өмүркул Жакшев атындагы орто мектебинен баалуу буюмдар уурдалган. Тагыраагы, ноутбук, проектор жана 5000 сом акча каражаты. Бул окуя боюнча мектеп директору Г. Байтемирова милицияга арыз менен кайрылып, бул факт боюнча 220 берененин негизинде (уурулук) кылмыш иши ачылган.

Тергөө амалдарынын негизинде уурдалган буюмдар арыздануучу, мектеп директорунун өзүнүн үйүндө табылганы маалым болду. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы кабарланды.

Мектеп директору буга чейин жоголгон буюмдарды окуучулардан көрүп, ата-энелерин төлөп бергиле деп кыйнап келгени айтылууда. Бул жагы “кыз боозуса энесин коркутат” дегендей эле болуптур.

Булак: Чындык медиа