Батирлерден мүлктөрдү уурдагандардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган ыкчам-тергөө жана алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө жарандардын мүлктөрүн уурдоо менен алектенгендер кармалган. Жогоруда көрсөтүлгөн топ республиканын бир катар аймактарында уурулук менен алектенишип, аларды кармоо учурунда көп сандаган уурдалган буюмдар табылган. Аталган кылмыш иши ыкчам кызматкерлердин сабаттуу уюштурулган ишинин, ошондой эле ыкчам жана башка кызматтардын бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасында ачылды.

Ушул жылдын март айында коомчулук тарабынан тынчсыздандырууну жаратып жаткан батирлерден мүлктөрдү уурдагандар менен күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган. Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматынын тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын КМКнын ыкчам кызматкерлери Ленин РИИБдин ШМБ-2 КМКнын кызматкерлери менен биргеликте жарандардын мүлктөрүн урдоо фактыларынын бетин ачууга, үй ууруларын тактоо жана кармоого багытталган ыкчам иш-чараларын жүргүзө башташкан. Ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө укукка жат аракеттер жөнүндө, анын кайда болгондугун, ага жана башка фактыларга тиешеси барларды аныктоо үчүн кошумча маалыматтарды алуу максатында ыкчам бөлүктөрдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун жана Бишкек ШИИББдин Санариптештирилген командалык борборунун видео-көзөмөлдөрүндөгү маалыматтар колдонулган.

Бул кылмыш иштерин ачуу канчалык оор болбосун, криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери менен мониторинг борборунун кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөөнү жана далилдерди топтоону жүргүзүү үчүн толтура маалыматка анализ жүргүзүшкөн. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ыкчам кызматкерлер Улан аттуу жаранды байкап калышкан. Мындан аркы жүргүзүлгөн иштин жүрүшүндө анын өздүгү аныкталып, ал мурда соттолгон Нарын облусунун тургуну 1998-жылы туулган М.уулу У. болуп чыккан. Антыкталгандай, ал жатак-абагынан качып, жашырынып жүргөн. ЖАМКта бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Шектүүнүн өздүгүн, чөйрөсүндөгү жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо менен ыкчам кызматкерлер анын шериктештерине чыгышкан. 2020-жылдын 9-майында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Ленин РИИБдин ШМБ-2 КМКнын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында укукка жат аракеттерге тиешеси бар 1998-жылы туулган М. Уулу У. аттуу жаран кармалган. Аны менен кошо мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунун тургуну 1997-жылы туулган А. Уулу К. дагы колго түшкөн. Андан сырткары, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар шаардын жашоочусу болгон үчүнчү жарандын өздүгү такталып, учурда ал жашырынып жүрүүдө.

Алынган маалымат боюнча үчөө тең жазасын өтөп жаткан кезде тергөө абагында таанышкандыгы малым болгон. Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйдүн короосунда шектүүлөрдүн бирине таандык «Toyota Vitz» үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Алар бул унаа менен уурдалган мүлктөрдү ташып жүрүшкөн. Уурдалган мүлктөрдү алар тааныш сатып алуучуларга өткөрүп келген. Милиция кызматкерлери уурдалган мүлктөрдү кимге сатып жүрүшкөндөрүн дагы аныкташкан. Башында ыкчам кызматкерлер сатып алуучуларга таандык жүк ташуучу унааны байкап калышкан. Шектүүлөрдүн жана сатып алып кайра сатып жүргөндөрдүн жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда уурдалган буюмдар табылган: сыналгы, кир жуучу машина, саат жана, алтын жасалгалары жана башка буюмдар. Кармалган жарандардын шаардын жана региондордогу бир катар уурулукка тиешеси бардыгы аныкталды. Алсак, Ленин району-22 факты, Октябрь району-2 факты, Чүй облусунун Сокулук району-2 факты.

Андан сырткары, үй уурулары республиканын түштүк аймагында дагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 4 уурулук фактысына тиешеси бардыгы тастыкталды. Бардык фактылар КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Уруулар тобу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы дагы уурулук менен алектенип жүргөндүгүн белгилеп кетүү керек. Болжолдуу алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар. Азыркы учурда бардык факты боюнча мындан аркы тергөө иш-чараларын жүргүзүү менен үчүнчү жаранды кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Соттун чечими менен кармалган жарандар эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралды.

ИИМдин басма сөз кызматы