Америкалык MSNBC теле каналынын алып баруучусу Мика Бжезински түз эфирде президент Трампты сен «оорулуусуң» деди. Түз эфир учурунда Мика Бжезински дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын 31%ын АКШ нын жарандары түзө тургандыгын айтып. Президент мындай санды «нормалдуу» деп эсептегени үчүн сындады. Теле алып баруучу Трампты көп сындаган, мурун Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болгон, азыр журналистика менен алектенген күйөөсү Джо Скарбор тууралуу Трамп твиттерде ар кандай сандырак ойлорду жазаарын айтты. » Учурдан пайдаланып, төмөнкүлөрдү айткым келет: бул оорулуу адамдын сөздөрү. Дональд, сен оорулуу адамсың, ооруп жатасың. Сен бул кыздын үй-бүлөсүн жана анын күйөөсүнүн үй-бүлөсүн тынчсыздандырасыз жана сен муну Джого ачуулангандыгың үчүн гана жасайсың, анткени ал бүгүн сени дагы бир жолу кысып койду, анткени ал чындыкты айтып жатат сен башкаларга кызыкпайсың, жана ушул чоң гуманитардык катастрофага туруштук бере албайсың,сен аны күчөтүп жатасың, андан ары да күчөтөсүң, ал тургай, башка адамдарды коргоо үчүн беткап да кийбейсиң» деди ал.