Окурмандардын келген каттарды жарыялоону улантабыз. Тагдырдын жазмышынан ата-энесинен эрте томолой жетим калып, өгөй апасынын колунда тарбия көрүп, бактылуу жашоосун сүрөттөгөн кыздын баянын сунуштайбыз. Кат окурмандарга өзгөртүүсүз берилет.

Баарыңыздардын туткан орозоңуздар кабыл болсун! Аллахым башыбызды аман кылсын.
Жашым 20да. Ата-энемдин 7 жыл күтүп тапкан жалгыз кызымын. Апамдын курсагынды 3 жолу ыйлаган экем. Көпчүлүгү айтышыптыр мындай бала коркунучтуу деп. Апам аларга көңүл бурбай мени жарыкка алып келди. Бирок өзү жарыктык менен коштошуп кете берди.

Апамды сүрөтүнөн дагы көргөн эмесмин. Апамдын туугандары кызыбызды жакшы караган эмессиң. Желмогуз кызың менен өзүң жаша. Кааласаң балдар үйүнө бер кызыңды дешип баш тартып, атама катуу сөз айтышыптыр. Атам өзү бакты. Бакчага, андан кийин мектепке өзү алып барып, кайра алып кетип, чачымды өзү өрүп, кийимдеримди кийгизип…

Атам бензин менен бизнес кылчу. Мен 11 жашка чыкканда үйлөндү. Өгөй апам мага өгөйдөй мамиле кылбады. Аябай жакшы аял. Атам экөө бир жыл жашагандан кийин 12 жашымда атам унаа кырсыгынан каза болуп калды. Азыркы апама ыраазымын. Жашоодо ушундай жакшы адамдар бар экен. Негизи өзүнүн канынан жаралган баланы деле таштап кетип атышпайбы. Бирок менин апам мени таштабады. Же мен ага эч ким болбосом. 9 жылдан бери апам экөөбүз жалгыз жашайбыз. Турмушка чыкпады. Мени аяды окшойт.

Мээримдүү аял… Үйдө такыр оор иш кылдырган эмес экен. Кийимдеримди өзү жууп, өзү даярдап, элден ашыкча кылып карайт. Бир жолу дагы катуу айтып какпаптыр. Жашоосун мага арнаган апакеме мен дагы өз жашоомду арнайм деп ниет кылам. Карыганда көрүнгөндүн көзүн карап калышын каалабайм. Мени кандай караса мен апамды андан миң эсе артык багам деп тилек кылам.. Апакеме ыраазымын. Жок дегенде сиздер менен бөлүшүп жеңилдегим келди.

Булак: kadam-media.kg