Социалдык тармактарда» Акнет «компаниясына таандык 30 млн сом кайда кеткени тууралуу жашыруун камерадан тартылган тасма тарады.

Тасмадан Мелис Турганбаевдин жан сакчысы, Урмат Касымбаевди көрүүгө болот. Ал расмий түрдө ГСИН дин нөөмөттө турган инспектору катары каралат. Тасмадан акчаны дал ошол Урмат Касымбаевдин алганын көрүүгө болот.

Кийинчерээк М.Турганбаев аталган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири К. Ажымудиновду коркутуп, ага» черныйлар»ды киргизбей, СИЗО дон түзөтүү колониясына которо тургандыгы жазылган.

Премьер министр Абылгазиевдин атына бир нече ирет бул иш боюнча арыз жазылган. Бирок премьер эч кандай чара колдонбогону таң калыштуу. Демек, М. Турганбаев Абылгазиев тарабынан кызматка дайындалып, 30 млн сомдун көбүрөөк бөлүгүн премьер алган деген жүйө айтылган.