Таласта кочкор 60 миң сомго бааланды Талас облусунда мал базарлары ачылды, деп билдирет жергиликтүү басылмалар.

23-майда мал базарларында иштөөгө уруксат берилген. Сатуучулардын айтымында, уйлардын баасы 50-80 миң сом, койдун баасы 6-10 миң сом.

Ал эми эң кымбат кочкор 60 миң сомго бааланган. Ошону менен бирге, базарда тургундардын эпидемиологиялык санитардык абалды сактагандыгы тууралуу маалымат айтылган эмес.