Сүйүү барын көтөрөт деген менен аялдардын ошол алоолонуп жаткан сүйүүнү суу чачкандай өчүрө турган кылык-жоруктары болот. Албетте, бул тизме бардык эркектерге бирдей таасир этпейт, бирок канткен менен мына ушул үч жосун  эркектин эркектик намысын ойготуп, жүрөгүн муздатат.

Ата-энесин мазактоо

Ооба, алар менен тил табышып кетүү айрым учурларда кыйыныраак болуп калышы ыктымал.  Анын себептери ар кандай болушу мүмкүн – айталы, күйөөңүздүн энеси сизди уулуна татыксыз деп эсептейт. Ошол себептүү,  аны сиздин татыктуу экениңизге ынандыруу өтө кыйын. Албетте, мындай жосун сиздин кыжырыңызды келтирет, бирок кандай-андай болгон күндө да,  жолдошуңуздун ата-энесине каршы акаарат айтпай, чыдап койгонуңуз  оң. Кайын атаңыздын же кайын энеңиздин көзү жок учурда алардын кайсы бир кылыгы үчүн күйөөңүзгө угуза: «Жинди го…»-деп айткан сөзүңүз сиз үчүн болуп көрбөгөндөй каршы күчкө айланып калуусу ажеп эмес. Күйөөңүз ал айтканыңызга кандайдыр бир ишаарат кылбаган күндө дагы, качандыр бир бул маселе көтөрүлөөрүнө бөркүңүздөй ишене бериңиз. Туура, жолдошуңуз дагы өз кайын-журтуна, башкача айтканда сиздин ата-энеңизге сый мамиледе болуусу абзел.


Өзүмчүлдүк жана кайдыгерлик

Жолдошуңуз сизге ар кандай жагымдуу сөздөрдү айтып, майрам сайын белек-бечкек тартуулайт. Жумушта жүргөндүгүнө карабай телефон чалып, маанайыңызды сурайт. Албетте, ал буга карата ошондой эле жооптуу күтөт дейли.  Демек, анын бул аракетине анда-санда болсо дагы татыктуу мамиле жасоо зарыл. Айталы, берген белектерин ар дайым мисирейип кабыл алуу, алып келген гүлүн:- Мындай гүл мага эзели жакчу эмес!-деп айтуу эркекти көңүлүн оорутат. Бара-бара ал белек-бечкек көтөрүп келмек түгүл, үйгө кайтып келүүдөн зааркана баштайт.

Жалган айтуу

Элибизде: «Калпычынын казаны кайнабайт!»-деген жакшы макал бар. Албетте, калпты кайсы бир чырды басуу үчүн, боло турчу кайсы бир жаман нерсенин алдын алуу үчүн айтууга болот. Бирок, ар дайым калп айтууга болбойт. Жолдошуңуз калп айтканыңызды билип калып дароо териштирип кала турган болсо жакшы, ал эми такай алдап жүргөнүңүздү билип унчукпай көтөрүп жүргөнү үй-бүлөлүк турмуш үчүн жакшылык менен бүтпөйт. Ошол себептүү, чындыкты гана сүйлөп, жасалмалуулуктан оолак болуу менен  бул үч нерсени жадыңыздан чыгарбаңыз.