Балыкчы шаарынын мэриясы Балыкчы шаарынын тургуну, белгилүү бизнесмен Урмат Барктабасовго COVID-19 вирусунун жайылып кетпеши үчүн кылган аракетине ыраазычылык билдирип, Ата Мекенге салымым болсун деп сунуштаган 2 имараты боюнча 6-майда кат жөнөткөн.

Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Бирок, мэриянын катына У.Барктабасов азырынча жооп бере элек. Балыкчы шаарынын мэриясынын катында Урмат Барктабасовдун 2020-жылдын 20-апрелинде социалдык баракчасы аркылуу Мамлекет башчысы менен Өкмөт башчысына кайрылып, түзүлгөн кыйын кырдаалда Балыкчы шаарындагы 2 имаратын сатып, андан түшкөн каражатты элдин керегине жумшоо боюнча сунушу жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болуп жатканы белгиленген.

Ошону менен катар шаар мэриясы анын демилгесин колдоп, аталган имараттарды мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү сунуштаган. «Шардык кеңештин депутаттары тарабынан аталган имараттарды ачык сатуу боюнча Жобо иштеп чыгуу менен түшкөн каражатты сиз белгилегендей, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн толук колдонууга даяр экенибизди билдиребиз», — деп жазылган мэриянын катында.

Эске салсак, Урмат Барктабасов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу 2020-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти менен Премьер-министрине кайрылуу жолдогон.

Анда У. Барктабасов пандемия шартында чет жерден жарандардын келе албай жатканын, бул жактагы эл дагы кыйнала баштаганын айтып, Балыкчыдагы эки имаратын «Кумтөр» компаниясы менен келишип, аларга сатууну сунуштап, эл менен бөлүшүү ниети белгилеген.

Сатыктан түшкөн каражат элдин керегине жарасын деген У.Барктабасов: «Бир топ эле каражат болуп берет.

Элим да, өкмөт да, кайтарбай эле койсун, кайтса Жаратканымдан кайтаар… Башым аман болсо, андай имараттын жүзүн салам», — деп билдирген.