Элчи Аликбек Жекшенкуловдун коомдук кеңешчиси Тимур Саралаев “фейсбук” аркылуу коомдук ишмер Токтайым Үмөталиевага кайрылып, ушак таратып, элди дүрбөтүп убара кылбаңызчы деп өтүндү.

“Аргасыз кайрылып жатам.
Мага ушул видео ватсапка келди мигранттардан, толугу менен угуп чыктым, өзүм аэропортто жүрөм, ал жерде да сизди угуп алып, келгендер жүрөт.

Эже, иниңиз катары суранам Сизден, элди дүрбөтпөңүзчү, Сизди кайра Москванын бир бөлүгү угуп алып, ушул сөздөр чын экен деп аэропортко барып алып жок жерден жаңжалга чалынып калышат.
Сиз өзүңүз эмне дегениңизди түшүнбөй, бул жакта реалдуу кырдаалды сезбей, сыздап-боздогон эже-карындаштарды укпай, маалыматты тактабай туруп тынч жаткан элди козутуп жатасыз. Жөн жерден кайра эле элге жаман-аттуу болосуз анан кайра бизди күнөөлөйсүз фейктер менен чабуул кылып жатат, деп. Чынын айтканда Сиз менен алек болгонго убакыт да, каалоо да жок.
Дагы бир жолу суранам Эже, эч нерсеге кийлигишпеңизчи, Элчилик берген тизме толугу менен биздин көзөмөлүбүздө, ал тизмеден тышкары бирөө да башка эшик менен учакка кире албайт, аны мен сизге кепилдик берем”-дейт Саралаев.

https://www.youtube.com/watch?v=LjHx815hi4Y&feature=emb_logo