Талас  областынын мурдагы губернатору Койсун Курманалиева ошол кезде “Бириккен элдик кыймылдын” жана  “Ата – Мекен” саясый партиясынын областтагы координатору катары 2010-жылдагы Апрель  революциясына  жигердүү  катышып,  уюштуруучуларынын биринен болгон. Өлкөбүздүн келечек багытын, өсүп-өнүгүүсүн жаңы нукка буруп, коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга чек койгон апрель төңкөрүшүнүн тарыхыбыздагы орду, мааниси туурасында ортодон өткөн он жылдын оро-парасында “ат жалында” дил-маек курдук.

    -Койсун Аблабековна, жетинчи апрелде Бакиевдин элге жек көрүмчү бийлигин кулаткан элдик революциянын башаты ушул Таластан, бир күн мурда башталып кеткени белгилүү. Ал туурасында, ошол окуяга түздөн-түз катышкан Сиздин азыркы,       бир топ мезгилден кийинки ой-пикир, көз карашыңыз сөз жок кызыктырбай койбойт.  Бирок, ага чейин көпчүлүктүн көөнүндө калган  “Бириккен элдик кыймылдын” качан, эмне максат менен уюшулганына  бир аз баяндама берсеңиз?

– Коомчулук, Сиздер  жакшы билгендей  –  “Бириккен элдик кыймыл”  ошол убактагы  бийликтин ишине  канааттанбай, кетирген кемчиликтеринен     пайда болгон  нааразычылыктар  күчөй баштаганда түзүлгөн    уюм.  Талдап көрсөм, ошол убакта нааразылыкка ыктаган   оппозициялык күчтөр  да көбөйүп кеткен. А бийлик болсо элдин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыктарын жогору коюп,   башаламан  башкарууну колдоно беришкен.   Негизин алганда, өлкөдөгү  кырдаалга келишпес мамиледеги коомдук күчтөр, көптөгөн  саясый   партиялар 2010-жылдан мурун эле  пайда  боло баштаган.   Түпкүлүгүндө   баарынын максаты бир болчу.  Анан, 2009-жылы ошол күчтөрдүн  баары  биригип,  “Арашанда”  боз үй   тигилип чоң  жыйын өткөн.   Жыйындын катышуучуларынын  максаты-  барыбыз биригели   деген  ниет болгон. Ошентип, кыскарта айтканда  элдин   көйгөйүн ойлоп жүргөн бардык күчтөр биригип – “Бириккен элдик кыймыл”  түзүлдү.   Эң негизги  максатыбыз –  боло турган президенттик шайлоого  өзүбүздүн  арабыздан талапкерди аныктап, колдоп, аттандыруу эле.  Ошондо Алмазбек Атамбаевди     биринчи сунуштаганбыз. Анан кабыл алынган чечимдерге ылайык  иш жүргүзүлө  баштады.   Партия- партия эмес,  барыбыз биригип алып, бир багытта  иш жүргүзүп баштадык…

– Ошондой шартта оппозициялык күчтөрдүн  башын бириктиргенге негизги себеп эмне болду деп ойлойсуз?

– Ток этер жерин айтканда  ошол  убакта, ошол шартта түзүлгөн кырдаалда   бийликтин    орунсуз саясатына каршы турган   күчтөр бирикпесе болбойт болучу. Эң негизги максатыбыз – биригели, бир күч бололу. Оюбузду, пикирибизди   биргеликте   билдирип туралы,- деген   максаттын үстөмдүк кылганы да ошондон. Алдыда өлкөбүздүн турмушундагы орчундуу   шайлоо башталганы турган. Биз өзүбүздүн  бир талапкерибизди  көрсөтүп, биргеликте колдоп максатыбызга жетели дегенбиз.

-Демек, өтө жооптуу, татаал чечим кабыл алыныптыр да. Ал ишке аштыбы? Жеңишке ээ болобуз деген ишеним бар беле?

-Ооба, ал  шайлоого дал ушундай чечим менен барганбыз.   Бизде  жеңишке  болгон ишенич күчтүү эле. Катарыбыздагы  жаштардан тартып аксакал карыяларыбызга чейин  калыстык жеңерине, көпчүлүк  бизди колдооруна ишенгенбиз. Анткени,  шайлоо алдындагы даярдыкка олутту карап, чын дилибизден берилип,  ушунчалык жакшы иштегенибизди азыр дагы ырастай  алам. Салыштырып көргөнүбүздө  башка областтарга караганда  биздеги иштердин ырааттуу,    жакшы жүргүзүлүп жатканын белгилешкени күчүбүзгө күч кошкондой болуучу. А чынында эле  биздин катардагы уул-кыздарыбыз так, ишенимдүү аракеттенишип, жүрөгүнүн чакырыгына баш ийип  иштешиптир.  “Бириккен элдик кыймылдын” лидерлери   республикалык деңгээлдеги чыгаан инсандардан болушса дагы ортодогу ишти жүргүзүүдө  кыйынчылыктар кыйла көп болду. Анткени,  бул кыймыл барыбыз үчүн жаңы көрүнүш болучу… Барынан күтүүсүз нерсе – ал шайлоо ушунчалык калыстыктан тайып, мыйзамды одоно бузуу менен  өтө баштаганы болду.

-Андан кийинки натыйжа кандай болду, ал жаңы кыймылдын кийинки абалына, аракетине кандай таасир берди?

-Натыйжа жалпыбызга жакшы белгилүү. Ал шайлоодо –  жеңилдик.  Биздин талапкерибиз жарым жолдон    чыгып кетти…

Биз албетте, нааразы болдук.   Бирок, мындай кадамынын чыныгы  себебин  билген жокпуз.  Ошондогу  нааразылыгыбызды  Өмүрбек Текебаевге да билдирдик. Ал убакта “Бөрк ал десе- баш алган”  башаламандык орун алган учур эле.  Шайлоо –   жасалма болду.   Алгачкы аракетибиз өксүп калса дагы биз эркибизди бошотуп, чачырап кеткен жокпуз.   Бүткүл элдик  калыс  шайлоону  өткөзүүгө    бекем турганыбыз 2010-жылы мартта болгон элдик жыйында  билинди. “Бириккен элдик кыймылдын”  чоң Курултайы өттү.   Таластан дагы көптөгөн коомдук активисттер   барып катыштык. Кырдаал болсо кыйын кез.  Сапар Аргынбаев, Исмайыл  Исаковго  окшогон  лидерлердин  четинен камалып жаткан   учуру эле.   Биздин  курултайдын максаты – саясий куугунтукта жүргөн лидерлерди бошотуу, элдин  үнүн угуу, электр, телефон  төлөмдөрүн азайтуу деген  талаптарга жетишүү болчу.   Курултайда   “Бириккен элдик кыймылдын” жаңы жетекчиси болуп  Роза Отунбаева  шайланып, бекитилген   план боюнча  курултай  жер-жерлерде   өткөрүлмөк.

Мындай Курултайга биз да даярдык көрө баштадык. 17синен кийин эле  “Бириккен элдик кыймылдын” республикалык жетекчилигинин мүчөлөрү  Азимбек  Бекназаров, Дүйшөн Чотонов, Оморбай  Нарбеков Таласка   атайын келишти. Алар катышалы деп келген жок. Элди  дагы кыдырып областтарда “Бириккен элдик кыймылдын”  жетекчилерин шайлайбыз деп жүрүшкөн. Кеңешип келишкенби,  ар кандай сунуштар айтылган жолугушууда  алар  кайрадан мени координатор шайлайбыз дешти. Уюштуруп, өткөрүү иштеринин  башында туруп бериңиз, убакыт күтпөйт. Аракетти күчөтүү керек,- деген сунуш айтылды. Мен мырзалардан шайланса  болмок,- десем чечим кабылданып калгандыктан чыйралдым дагы:-Анда мага    биротоло  жардамчыларымды  шайлап бергиле десем Анарбек Тургуналиев, Сатканкул Бапышев, Серик Жолдошевди  аташты.   Райондордун координаторлору да  шайланышты. Манас районуна – Назар Сулайманов, Кара – Буура районуна Төлөгөн Наралиев, Бакай – Ата районуна   Рыскулбек Жанкорозов, Талас шаарына Төрөбек Кишенбаев, Талас районуна  Талас Кыдыралиев көрсөтүлдү.  Ошону менен  9 адамдан турган уюштуруу тобу түзүлдү.  Анан Азимбек Бекназаров ырымы болсун дегенби, ала келген    нанынан баарыбыз ооз тийип элдик ишти улантууга антташканбыз. Ошол  учур ушул  күнгө  чейин кадимкидей көз алдымда турат…  Бул- март   айынын 25и, же -26-сында болгон окуя.  Андан кийин  биз алдыбызга коюлган  маселелерди дайындап алып, апрель айынын жетисинде элдин алдына чыгып, коюла турган талаптарыбызды такташабыз деген  ниеттерибиз болгон. Анткени дал ушул күнү, бардык областтарда, бүткүл  Кыргызстан боюнча   элдик  жыйындар болмок. Элдик кыймылдын республикалык лидерлери   ар бир областтарга бөлүнүшүп, Таласка   Шерниязов жана  Абдылдаев келишмек.

Эми   баягы 6-апрелдеги  окуя  кандайча башталып кеткенине келели. Буга кандай себептер түрткү болду?

– Бул  суроого так жооп бериш үчүн курултай өткөзүүгө даярдыгыбыздын жүрүшүнөн кыскача баян курайын. Абдылдаев  эртерээк келип, штабда  тактоо иштерин жүргүзүп жаткан.  Мыйзамга ылайык Талас шаардык мэриясына кайрылып,  максатыбызды билдирдик.  Алар  сунушубуз менен таанышып, тиешелүү чечимин чыгарып берип коюшканда  баары өз нугу менен, тынч бүтүп кетмек. Андай болгон жок. Чечим создукту.   Ал ортодо    суракка алуу башталды. Биздин үйдөн  бир эле үч жашар балам   калды көрүнөт. Калган барыбыз   суралдык. Ал эмес,  айылдагы агамды кошо да кошо сурашып, желкелей башташты. Мени  эле эмес,   менин тегерегимде бирге иштешип жаткандардын  баарын сурай башташты.    Алтысында Шерниязов Таласка келмек.

Ошол күнү мен  штабда элем.  Шерниязовдун кармалып,   областтык  ички иштер башкармалыгына алып кетишкенин  угарым менен   чогулуп,  аракетибизди  тездете баштадык.   Биз түзүлгөн кырдаалдан жаралган көйгөйүбүздү  айталы деп областтын губернатору Бейшенбек Болотбековго  келсек  ал түштөнүүгө чыгып   кетиптир. Бийликтин   манчыркаганы,  кайдыгерлиги абалды ого бетер курчутуп жибербедиби. Болбосо,  ошондой учурда тынч олтуруп чай иче турган  убак эмес эле да…

Област жетекчисинин бул жоругу элдин кыжырына тийди. Эл дуулдап, келсин, жооп берсин  деген талап коюшту.  Акыры Болотбеков келгенде көпчүлүк нааразылыгын жашырбай, атүгүл   бир аз   жулмалашуу  да болуп кетти. Биз элди  тынчтантып, маселени жөнгө салуу үчүн  Болотбековдун кабинетине кирдик.  Талаптарыбызды  койдук. Карыялар Болотбековго: – “Тройка” байланышың  менен   премьер –  министрди алып бер, сүйлөшөлү,  кантсе дагы Данияр  Таластын уулу эмеспи,-  дешти.

Болотбеков Данияр Үсөнов менен байланышты.  Данияр Үсөновдун биринчи эле сөзү: – Мен бандиттер менен сүйлөшпөйм!-  деди.  Барыбыз угуп жатабыз.  Тоотпогон ушул сөзү – отко май чачкандай эле болду.   Ошондо урматтуу жазуучу атабыз Элүүбай Отунчиев   чыдабай,   Болотбековдон  колунан телефонду жулуп алып: -Ой, бул эмне деген сөзүң!- деп  кыйкырып жиберди.

Данияр  Үсөнов  мыкты болсо, өкмөт башчысы катары  ошол жерден   элди    биримдикке чакырмак да. Антип элдин тынчтыгы үчүн ортого түшкөндүн ордуна    Данияр Үсөнов:    -Таласта Койсун менен  Шералы ак үйдүн аркасында жылкы союп,    16-17деги  жаш балдарды чогултуп жатат.  Биз аларды чым баскандай басабыз. Таласка   генерал   Конгантиев кетти,-   деп  теледен   баатырсынып  жатканы,  эшикте болсо имараттын алдын милиция кызматкерлерине тостуруп, спортчуларды “Ак үйдүн” жертөлөсүнө  топтошуп күчкө таянгандары  чогулган  элдин кыжырын ого бетер күчөткөн. Элдер анан талаптарды коё баштады. Эртең өткөрбөйбүз бүгүн өткөрөбүз!-  дегенге өтүштү.   Ошондо да   аксакалдар   элди сабырдуулукка чакырып турушту. Бирок, көп толкуса сел экен, бардык тоскоолдуктарды жиреген эл областтык администрациянын имаратына жабылып кирип кетишти. Биз ак үйгө киргенден кийин   Таласты  вертолёттор айлана баштады.  Кечке маал электр жарыгы өчтү.   Сырттагы көпчүлүк  “Ак  үйдөгүлөр”     өздөрүнчө  сүйлөшүп жатышат деп ойлошуп, имаратка бир топ зыян келтирип жиберишиптир. Кимдир бирөөлөрдүн чагымчыл сөзү болбогондо имарат мынча запкы тартмак эмес.  Биз  атайын  фонарларды таап, жандырып, абалды такташалы дегенче ички иштер кызматынын бир тобу  кирип келишип, Шерниязовду,  анан Болотбековду  алып чыгып кетишти.  Алтысында ошондой болду.

-Таластыктар Бишкекке кандай кетти?

-Анысын айта албайм.  Анткени,  7- апрелде кыргыз  эли толук көтөрүлдү. Абалды талдап, кеңешүүгө аксакалдарыбызды  кайра дагы чакырдык.   Мен  ички иштер башкармалыгына  бара алган жокмун. Элүүбай, Жусуп, Баур, Курал акелерди,  Жамиля эжени  Сиздер дагы кошо барыңыздар, ашыкча жаңжал болбосун,- дедим.

-Ички иштер министрине байланыштуу окуяга токтоло кетсеңиз?

-Конгантиевди  качан, кимдер,  кантип алып келишкенин  билбейм.  Көпчүлүк толкуп алган кез.   Конгантиевди   желектин түркүгүнө  асабыз деп жатышканда чектен чыкпайлы дегенибизди уккан киши жок.   Анан мен тез чечим кабыл алдым. Шералы Абдылдаев  экөөбүз   тушубуздагы  телекомдун Газ- 53 машинасын  арты менен   элди жирей айдатып барып,  Конгантиевди ажыратып алып кеттик.  Ал ошол кезде элдин кыжырын жаратып, күчкө таянып өктөмдүк кылса дагы адамгерчиликтен тайып, өмүрүнө коркунуч келип турганда кайдыгер кала албадым да. Менин ошондогу аракетимди көргөн  Кожобекова Замира деген кыз, (азыр “Азаттыкта” иштейт экен),  -Эже,   бул калыстыгыңызды, адамга жакшылыгыңызды өмүр бою унутпайм!- деп ыйлап турганы эсимде калыптыр.   Көпчүлүктүн опур-топуру да. Башка жакка алаксып кетсем аны бирөөлөр  кайра  дагы  колубуздан жулуп  кетишти.  Кимдер экенин  билбей да калдым. Жакшы жери- акыры аман калды…

-Окуянын өнүгүшү  кандай болуп кетти?

-“Бириккен элдик кыймылдын” ар бир областтагы өкүлдөрү менен  байланышта болгонбуз. Жалпы абал турукташканга чейин    ызы-чуунун шары токтобой, күндөп-түндөп иш менен алектендим. Төрт-беш айга созулган мындай кырдаалда областтын чукул аралыкта чечиле турган социалдык-экономикалык маселелеринен тышкары кадр жагын жайгаштыруу керек эле. Тиешелүү билимдери, же кесиптик даярдыктары жок болсо деле  -Мен тиги кызматка отурат элем, мен  баланчанын ордуна барышым керек дегендер жанды койбой кымбат убактымды алышты. “-Мен лидер болчумун!”- дегендер болду. “Таласты  аял  башкарабы?”- деген   сөздөрдү чыгарышты. Ал ортодо абалды турукташтыруу боюнча иштер жүрө баштап, кырдаалга жараша райондордогу    лидерлер жаңыланды. Бул эми үз алдынча терең талдап кеп кура турган маселе. Убагы келгенде кайрылып, көпчүлүктүн назарына сунуштаармын…

Жогортодон кабыл алынган чечимге жараша мен  областтык  деңгээлдеги иштерди жөнгө салуунун аракетин жүргүзө баштадым.

-Койсун Аблабековна, ортодогу он жылдын чегинен туруп, апрелдин ошол күндөрүнө кайрылып, окуясына “аралашсаңыз” кандай баа берет элеңиз?

– Тагдырдын жазмышына айла жок дегендей, калыстык үчүн күрөштөн тайсалдабайт элем. Бирок, элдик кыймылдын аркасы менен көздөгөнгө жеткенде өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн жан-дүйнөсү караңгы “революционерлерден” алыс болмокмун. Калганын эл менен бирге-эл үчүн колдон келген аракетимди жумшайт элем.

-Ымандай сырыңызды билдирген дил-маегиңиз үчүн Сизге ырахмат!

– Сизге да ыраазылык билдирип, ишиңизге ийгилик каалайм!

Дил-маек курган Т. ИБРАГИМОВ.

Булак: Кыргызтудей сайты