Бүтүрүүчүлөргө Алмаз Араповдон кыскача кеп-кенеш

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Баарыңарды бүгүнкү бүтүрүү кечеңер менен чың жүрөктөн куттуктаймын. Дүйнөнү каптаган пандемия канчалык турмушубузга чоң сокку урсада, жашообуз уланууда. Мына бүгүн силер жашооңордун биринчи баскычы болгон мектеп окуусун бүтүрүп, жашоонун экинчи баскычы болгон жогорку окуу жайларга тапшырууга кадам таштаганы турасыңар. Мен Америка, Германия жана Япониядан алган 20 жылдык билимимдин жана тажрыйбаларымдын негизинде силерге кээбир кеп-кеңештеримди бергим келип турат.

Биринчиден, өзүңөргө чооң максаттарды койгула. Себеби жашоодо максаты жок адам эч качан ийгиликтүү боло албайт. Максатка жетиш үчүн, сөссүз түрдө планыңар болсун. Планды ишке ашырыш үчүн, түнү-күнү дициплина жана күчтүү эрк менен талыкпай эмгектенгиле. Анткени ийгилик талыкпаган эмгекти талап кылат. Ар биринер өзунөргө ушул суроону сурагыла “Мен келечекте кандай жашоону каалаймын?”

Экинчиден, туура кесип тандап, сапаттуу билим алгыла. Себеби силердин эртеңки келечегиңер бүгүнкү ала турган билимиңердин сапатына жараша болот. Эгерде силер өзүңөргө жакпаган кесипти окусанар, анда алдыдагы 5 жылдык эмгегиңер текке кетип калышы мүмкүн. Адам качан бактылуу болот, ал качан өзүнө жаккан кесипти аркалап, өзүнө жаккан жумушту жасаганда гана бактылуу болот жана ийгиликтүү да болот. Бирок, ошол эле учурда, интернет жана технологиянын өнүгүүсү көптөгөн кесиптердин жок болуусуна жана көптөгөн жаңы кесиптердин пайда болуусуна өбөлгө болуп жатат. Бул жагында унутпашыбыз керек. Менин жеке сунушум мумкүн болсо информационный технология, нано технология, программистик, мугалимдик жана психология тармактарына көбүрөөк басым жасагыла.

Үчүнчүдөн, көбүрөөк китеп окуп, интеллектуалдык денгээлиңерди көтөрүп, өзүңөрдү өнүктүргөнгө аракет кылгыла. Ошондой эле ар дайым жөнөкөй жана ыймандуу болгула. Себеби сапаттуу билим менен ыймандуулук бул бир куштун эки канаты сыяктуу. Эгерде экөөнүн бирөөсү болбосо, анда куштун алыска учушу кыйын болот.

Акырында айтаарым, биз адам баласы бул дүйнөгө бир гана жолу жаралабыз. Бир келген өмүрдү уктап жүрүп же ойноп жүрүп өткөрүп жибербестен, ата-энеңерди жана бир-биринерди урматтап сыйлап, адамгерчиликтүү болуп жашоону татыктуу жашап өткөнгө аракет кылгыла.
Баарыңарды дагы бир жолу бүтүрүү кечеңер менен чың жүрөктөн куттуктап, мындан кийинки жашооңорго ийгиликтер каалап кетем.

Алмаз Арапов