УБАКЫТ…
Онкологиялык оорукана. Балдар бөлмөсүнө кирип калдым. Беш-алты жаштардагы кичинекей кыз залда буттары менен жерди катуу тепкилеп, кайра кайсыдыр бир ырды катуу ырдап, чуркап жүрөт. Мен жанына барып:
— Алтыным, ызы-чуу салба сураныч. Бул жерде анткенге болбойт. Анткени, оорукчан балдар жатат, аларга тынчтык керек дедим.
Кичинекей кыз мени кунт койуп угуп, олуттуу, чоң-чоң көздөрү менен карап, акырын шыбырады:
— Эжеке, а мага баардык нерсени жасоого уруксат..Анткени, мен жакында өлөм деди.
Жумуштан соң үйгө келип, жашап өткөн өмүрүмдү көпкө ойлондум. Биз жашап жатып, жараткан берген убакытты барктабай жүргөнүбүздү түшүндүм. Биз өзүбүздүн ден-соолугубузга өзүбүз зыян келтирип, болбогон нерселер үчүн урушуп, көңүл оорутуп, өз пайдабыз үчүн жакындарыбызды алдап, бир минуталык кумар үчүн сатылып, керт башыбызды ойлоп, бирөөлөрдүн жашоосун сындырып, көпчүлүк адамдарда жок нерсени, биз жөн гана өрттөп жиберет экенбиз. Убакыт.. Ал түбөлүктүү эмес! Жашооңордогу ар бир мүнөттү баалагыла.

Амираева У.