Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү бүгүн, 25-майда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу маркумдун кызы Нуриля Чолпонбаева кабарлады. Анын айтымында, атасын акыркы сапарга узатууга жакындары гана катышат.

Эске салсак, таажы вирусу жугуп, ооруканага түшкөн Мукар Чолпонбаев Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында ​24-майда көз жумган. Коронавируска каршы штаб тараткан маалыматка ылайык, вирустун айынан анын эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен.

Чолпонбаев бул илдет менен ооруп 5-майда ооруканага түшкөн. Ошол эле күнү реанимацияга которулуп, андан бери абалы оор деп бааланып жаткан.