Бүгүн, 25-майда Кыргызстанда кийим-кече сатуучу базарлар, жайкы кафелер жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5-2 метр аралык так сакталышы зарыл), театр, музей, галерея менен китепкана толугу менен иштеп баштады.

Мындан тышкары шаар ичинде каттаган автобустар, троллейбустар жана кичи автобустардын да ишине уруксат берилди. Буга чейин, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 25-майда 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыгарын кабарлаган.

Ошону менен бирге, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб иши жандандырылган тармактар санитардык талаптарды так аткарышы керектигин, эреже бузулса айыппул салынарын эскертти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев элди коомдук транспортто өз коопсуздугу үчүн беткап тагынып, автоунаанын ичинде аралыкты сактоого чакырган.